Menu

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Ар бир өлкөнүн, ар бир мамлекеттин күчү, биринчи кезекте, мамлекеттик башкаруунун потенциалында жана сапатында турат.  Кесипкөй, компетенттүү, демилгелүү, тартиптүү, жоопкерчиликтүү жана ак ниет, чынчыл кызматкерлер болбосо, эч бир мамлекет өнүгө албайт. Бүгүнкү күндө бир гана мамлекеттик- жарандык кызматкерлердин армиясы 2017-жылдын 1-январына карата 17,7 миң адамды түздү. Ал эми муниципалдык кызматта 7908 жараныбыз эмгектенет. Өлкөбүздө мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамын 2007-жылдан бери майрамдап келебиз. Бирок быйыл биринчи жолу майрамыбызды жаңы сыпатта – “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү” деп белгилеп жатабыз», – деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт Үйүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган майрамдык иш чарада.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу маселесин чечүүнүн үстүндө иштеп жатат. Түрдүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кызмат ортосундагы эмгек акылар теңдештирилип, айырмачылыктары бир топ кыскартуу менен кызматтык окладдарын теңдештирүү пландалууда. Жакынкы убакта министрликтер менен ведомстволордун  төмөнкү баскычта эмгектенген адистеринин  айлык акысын 50 пайызга көтөрүү пландалууда.

Премьер-министр жеке өзүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктап, баарына бекем ден-соолук, тынчтык, ийгилик жана бейкуттук каалады.

Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыкты кызматкерлерине Өкмөттүк сыйлыктар тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: