Кечээ, 29-майда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ шаардык аймактык башкармалыгын бириктирген жаңыдан башталган автожолдун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде барып таанышты. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдайт.
КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жер көчкүдөн улам Майлуу-Суу шаары менен автожол байланышы жок калган 3500гө жакын Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын калкынын суроо-талабын орундаттуу максатында республикалык бюджеттен жолду курууга 10 млн. сом каражатты чечип берген.
Азыркы күндө Майлуу-Суу – Сары-Бээ авожолун Майлуу-Суу дарыясынын батыш тарабынан куруу иштери ыкчамдатылып жатат. Автожол курулуш иштерин Бишке–Ош автожол курулуш башкармалыгына караган Таш-Көмүрдөгү ДЭП –38 автожол курулуш башкармалыгы тарабынан коюлган кубаттуу 2 экскаватор, 1 бульдозер, 1 вибракаток, 1 бургулоочу станок техника жана 2 самосвал КАМАЗдар иштеп жатат. Мындан сырткары 1 жол курулушунун прорабы, 1 бригадир, 2 жумушчу жана атайын асканы жардырууда иштей турган 3 адамдан турган жардыргычтар бригадасы иш алып барышууда. Жолдун узундугу 813 метр келип, эндүүлүгү 8 метрди түзмөкчү.
— Азырынча техникалар менен адам күчтөрү жетиштүү. Иш ыргагы күч алган сайын кошумча техникалар менен адам күчтөрү дагы тартылат. Жолдун курулушун 30 жумуш күндүн ичинде талапка ылайык бүткөрүүнү мерчемдеп жатабыз,- дейт ДЭП-38 жол курулуш ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубанычбек Кулматов.
Жаңыдан курула баштаган автожолдун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышкан ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев ДЭП-38 жол курулуш башкармалыгынын жетекчилигине жана Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматовго жолдун Майлуу-Суу дарыясы агып жаткан тарабына атайын бетон-темир тосмолорун коюу тапшырмасын кошо бүткөрүү керектигин катуу эскертти.
Майлуу-Суу шаарындагы жер көчкүдөн улам учурда 105 үй-бүлөнүн коопсуз жайларга көчүүлөрү каралган. Азыркы мезгилде Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу шаарына кеткен жолдогу Майлуу-Суу дапрыясынын чыгыш тарабынан Кочкор-Ата токой чарбасына караган Кызыл-Кыя айылындагы Жыланды участкасынан 10 га. Майлуу-Суу шаарына кире бериштеги Кочкор-Ата токой чарбасына караган дагы 10 га. жер участогун Ноокен районунун жетекчилиги тарабынан сунушталып жатат. Жерди трансформациялоо иштери шаар калкынын ой-пикирлери жана адистердин жерди иликтөөсүнөн кийин анык болот. Азыр Сары-Бээ айылында 47 үй-бүлө убактылуу чатырларда жашап жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ