Акыйкатчы Кубат Оторбаевге, КТРКнын жетекчиси болуп турганда мамлекетке 13 миллион өлчөмдө зыян келтиргени боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ага коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу беренелери коюлган. Бирок бул боюнча Кубат мырза ак же көк деген жок. Демек, акыйкатчы элдин түгүл, өзүнүн укугун коргоого аргасыз болуп жаткан көрүнөт. Эмне эле дымы чыкпай, чээнге киргендей үнү угулбайт десе, башына кара булут айланып, алапайын таппай жаткан тура.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ