Menu

Ысык-Көлдө 2 адамды атып өлтүрүп, качып кеткен Сергей Смирновдун сөөгү токойдон табылды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусундагы Эңилчек тоолорунан былтыр эки адамды атып өлтүрүп, качып кеткен Сергей Смирновдун сөөгү токойдон табылган.

Маалыматка караганда Смирновду издөө иштерине атайын багыттагы аскер кызматкерлери да тартылып, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Жансыз денени чабандардын бири 3-апрелде окуя болгон лагерге жакын жерден тапкан. Ал эми дененин жанында ок атуучу курал болгон.

Болжолдуу маалымат боюнча, ал өз өмүрүнө өзү кол салган. Оозунан атылган ок башынан чыгып кеткен.

Эсиңиздерге сала кетсек, каргашалуу окуя өткөн жылы 4-июлда таң эрте “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринде болгон. Лагердин кызматкерлери жана чабандын үй-бүлөсү эртең мененки тамакты ичүү үчүн чогулушкан. Бул учурда Сергей Дөөлөт Азимкуловго  таандык “Вепрь” үлгүсүндөгү курал менен кирип барган. Ал куралды сейфтен кантип алып чыкканы белгисиз. Кароолчу Сергей лагердин башчысынын орун басары Дөөлөт тарапка 3 жолу ок чыгарган. Андан кийин лагердин кызматкери Карим Сергейден куралды алууга аракет жасаганда анын ичине ок тийген. Алар менен кошо отурган чабан Сергейдин колунан куралды алганга жетишкен. Бирок Сергей бычак алып шилтегенде, чабандын колуна тийген. Ал жубайын жана балдарын алып, лагерь тарапка качып кеткенге үлгүргөн. Октун үнүн лагерге жакын жайгашкан станциянын кызматкери Ирина угуп келип, окуяга күбө болгон. Сергей аны жанына алып, ат менен качып кеткен. Кийинки күнү эртең менен шектүү барымтага алган аялды кое берип, бирок өзү тирүү кармалбай турганын айткан.

Дөөлөт окуя болгон жерден жан берген. Ал эми Карим оор жаракат алган. Аны унаа менен чек ара заставасына алып бара жатышканда көз жумган. Саат 12:20да чек арачылар окуя тууралуу милицияга билдиришкен.

Иликтөөлөргө караганда Смирнов күндүз бекинип жатып, түндөсү оокатын кылчу.

Ал каралбай калган эски сарайга кирип, ал жерден жылкылар жеген жемди таап алып аны сууга аралаштырып жеген. Мындан тышкары ал талаадагы өсүмдүктөр менен тамактанып жүргөн.

Аны тааныгандардын айтуусу боюнча ал тоодо жашап кетүү жөндөмүнө ээ болгон.

Сергей Смирнов Түп районунда төрөлүп, балдар үйүндө чоңойгон. Ал өткөн жылдын март айында кароолчу катары жумушка алынган.

   

   

Булак: KyrgyzToday.kg            

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: