Menu

Тажикстанда Улут лидерине акарат келтиргендер түрмөгө түшөт

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтү шейшембиде Улут лидерине коомчулук алдында акарат келтиргендерди жазалоо боюнча токтомду жактырды. Кылмыш кодексин 137-беренесин өзгөртүү боюнча документке Эмомали Рахмон 13-октябрда кол койгон.

Президентти – Улут лидерин эл алдында мазактагандар жана ага жалган жалаа жапкандар беш жылга түрмөгө кесилет. Интернет, анын ичинде социалдык түйүндөрдү жана башка ММКларды колдонуу менен акарат келтиргендерге да жаза берилет.

Токтом эми парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Бир апта мурун өлкө президенти эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү катары жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: