Menu

Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорт 129% өстү

Бөлүшүү:

2017-жылдын I кварталында Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорт 129% өстү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев бүгүн, 30-майда, маалымат жыйында билдирди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Айыл чарба тармагындагы экспорттук көрсөткүч мал чарбачылыгында жана кайра иштетүү тармагында сыртка чыгарылган азыктардын көлөмү жогорулаганынан улам өскөн.

«Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен экспорттук өсүү былтыркыга караганда бир топ жакшы болору күтүлүүдө. Анткени 2017-жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан Кытайга алча менен коонду экспорттой баштайт», – деди Эркин Чодуев.

Айыл чарба тамак өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары экпорттук потенциалдын жогорулашын, Өкмөт тарабынан «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашып жатканы менен байланыштырды. Бул долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алган дыйкан-фермерлердин саны көбөйүп, айрымдары өндүргөн азыктарын сыртка чыгара баштаган.

Эркин Чодуев ошондой эле быйыл төө буурчак менен пахтаны жылдагыдан көбүрөөк экспорттоого да өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: