29-майда Алмазбек Атамбаев Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдык юбилейинде сөз сүйлөп жатып, президенттик шайлоо 15-октябрда боло турганын айткан болчу. Андан көп өтпөй 31-майда парламент бул демилгени жактырып, көпчүлүк добуш менен колдоп беришти. Баягы кеп бар эмеспи, «Мойнунан байлаткан ит ууга жарабайт» деген. Ансыңарындай, ажонун оозун карап, кареги менен тең айланган Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жана башка тиешелүү депутаттары өз миссияларын алдын ала эле аткарып, көчүктөн түрттүрбөй эле иш кылышса болбойбу? Таңгаласың да.
Дагы бир жагдай, «КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүңдөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Эске салсак, парламенттик шайлоодогу босого 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүлүшү керектиги боюнча да Атамбаев бир курдай кайрылуусунда баса белгилеген. Бул жагы да ишке ашууда. Айтор, бүгүнкү Жогорку Кеңеш депутаттары өз алдынча мамлекеттик деңгээлдеги идеяларды, иш-чараларды көтөрө алышпаганы, баары эле бүжүңдөшкөндөй кейиштүү элес жаратышууда.
Баса, кандуу режимдин тушунда да «Акжол» фракциясы Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдердин «кол жоолугуна» айланышып, мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштарды көрмөксөнгө салышканы, коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзүшкөнү, бийликке каршы саясатчылардын өлтүрүлүшүнө кайдыгер болушканы, жыйынтыгында, адам укугу жана сөз эркиндигинин тебеленишине шарт түзүп отурушуп, аягы элдик көтөрүлүшкө жеткен. Агезде «хоп майли» деген Айтибай Тагаев спикер болсо, бүгүн Чыныбай Турсунбеков. Бул төраганын мамлекеттик деңгээлдеги өз алдынча ойлорун, демократиялык позицияларын байкай албадык. Болгону отурган креслосуна маашырланып, Атамбаевге жагуунун амалдары менен гана күн кечиргендей…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ