Menu

Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-декабрда өлкөнүн Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды.Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Эсептөө палатасынын төрагасы Мамлекет башчыга республикалык бюджеттин каражаттарын колдонууну  көзөмөлдөө боюнча аткарылып жаткан жумуштар, 2016-жылдын ишмердигинин жыйынтыгы жана Эсептөө палатасынын мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын аудитордук ишмердигинин жыйынтыктары боюнча көзөмөл жана мониторингди күчөтүү керектигин белгиледи, анткени текшерүү учурунда ири өлчөмдөгү акча каражаттары боюнча мыйзам бузуулар жана резервдер аныкталса да, бюджетке салыштырмалуу аз акча келип түшүүдө.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарга өтүүсүн тездетүү жана Эсептөө палатасын каржылык мыйзам бузууларды жокко чыгарууда көзөмөлдөөчү органдан алдын ала чара көрүүдө бюджеттик мекемелерге жардам берген орган болуп өзгөрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик аудит системасында коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу боюнча жумушту күчөтүү зарыл экенин айтты. Ачыктык жана коррупцияга каршы иш-аракет Эсептөө палатасынын артыкчылыктуу багыты болушу керектигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: