Menu

Өмүрбек Бабанов, РАЖ фракциясынын лидери: “Сарпашевге кылмыш иши козголгон, кызматтан кетиш керек болчу”

Бөлүшүү:

– Өмүрбек мырза, жаңы киргизилип жаткан биометрикалык паспорттордун бир топ кемчиликтери бар экенин, ал күндөлүк турмушта көп көйгөйлөрдү пайда кыларын айттыңыз. Эмне, аны киргизип жатканда пайда болчу тескери жагдайларды эске алышкан эмеспи?

– Биометрикалык паспорттун киргизилгени – бул өзү туура эле нерсе. Бирок, эл ал паспортту кандайча колдоно алат? Анткени, паспорт адамдардын күнүмдүк жашоосуна керек. Сыртка чыкканда, милицияга кайрылганда. Биометрикалык паспортто фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, канча мөөнөткө берилгени жазылып атат. Калган маалыматтардын баары чиптин ичинде. Ал эми чипти окуй турган приборлор берилген эмес. Кандай прибор
керек экенин эч ким түшүнбөйт. Мисалы, бир адам банкка кайрылып, «акча алам» десе, банктагылар бере албайт. Себеп дегенде, катталган жерин окуп, депозит ачып, контрактка кол коюшу керек. Же милиция бирөөнү кармап, иш козгогондо повестка жөнөтөйүн десе, анын пропискасын окуй албайт. Ал үчүн справка керек. Мындайча айтканда, бул паспорт шайлоо үчүн гана болуп калган, күндөлүк турмушта иштей албайт. Ошон үчүн мамлекеттик каттоо кызматындагылар тез арада бул кемчиликтерди жоюп, бул чечимди кабыл алып жатканда анын кантип иштээрин кошо чечпеген адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек. Себеп дегенде, бул грант түрүндө мамлекетке келген акча. Каттоо кызматынын жетекчисине берилген акча эмес да.

– Жыйындар залынан «мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси же ары, же бери болбой турат» дедиңиз. Түшүндүрө кетсеңиз маңызын?

– Тайырбек Сарпашевге карата иш козголгон, аны башкы прокуратура козгоду. Депутаттык комиссия өзүнүн маалыматын берди. Өкмөт башчы «бир айдын ичинде чечсин» деп комиссия түздү. Иш козгогондон кийин башкы прокуратура кандай мыйзам бузуулар болгонун далилдеп берди да. Аны иштен кетириш керек болчу. Беш ай болду, кете элек. Азыркы шайлоодо мамлекеттик каттоо кызматынын орду өтө зор. Себеп дегенде, баары биометрика аркылуу өтөт. Ошон үчүн МККда таза, эч бир партияга, талапкерге тартпаган калыс, профессионал адам иштеши керек. Ошондо иш оңолот.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: