Menu

Юстиция министрлиги: Ушу тапта Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги 300дөн ашуун документ бар

Бөлүшүү:

“Азыркы учурда мамлекеттик маанидеги документтерди чыгара турган ишкананы түзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков КСДП парламенттик фракциясында мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы жана жайгаштырылышы жөнүндө мамлекеттик органдар менен мекемелердин маалыматы угулуп жатканда билдирди” – деп мааымдайт Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

“Ушу тапта мамлекеттик маанидеги 300дөн ашуун документ бар. Аларды даярдоого өткөн жылы мамлекеттик документтерди даярдоого 305 млн сом жумшалды. Ырас, бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу жана мамлекеттик документтерди коргоо максатында, бизге мамлекеттик ишкананы түзүү сунушу берилген. Бирок, бюджеттин каржы тартыштыгы чоӊ болгондуктан, аны аткарууга мүмкүнчүлүк жок”, – дейт ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Күмүшбек Шамканов фракция мүчөлөрүн кыргыз жарандарынын паспорту англиялык “Де ля Ру” компаниясы, ал эми улуттук валюта Кенияда жайгашкан франциялык компания тарабынан даярдалып жатканы тууралуу маалымдар кылды.

“Учкун” басмаканасынын башкы директору Кубат Бейшеев 2014-2016-жылдары 48 түрдөгү документ басылса, азыркы учурда 22 документ даярдалып жатканын, аны бирок коргоо белгилери жөнөкөй дагы 68 документке чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты. “Документ басуу – кирешелүү жумуш. Биздин жабдууларыбыз коммерциялык тапшырыктарды аткарууга ылайыкташтырылган. Бир катар мамлекеттик органдар менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзө албай калдык. Көпчүлүк органдар менчик басмаканалар менен иштешет экен. Ошого карабастан, былтыр 3,5 млн сом киреше менен жыйынтыктадык”, – деп кошумчалады ал.

Фракция башчысы Иса Өмүркулов андай жабдуулар фирмалык бланктарды басууга гана жарай турганын, ал эми паспорт сындуу коргоо белгилери татаал документтерди даярдоого жараксыз экенин айтып, мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекеттик ишканаларда даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: