Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы кийинки жуманын башында өтүшү мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктер кабарлашууда.
«Болжолдуу планда Орусия тарап өнөктөштөрүнө 12-13-июнь күндөрү Астанага чогулууну сунуштоого камынып жаткандыктарын билдиришти. Жакынкы күндөрү кепил-мамлекеттер жолугушуунун күн тартиби жана анын катышуучулары тууралуу маалымат бериши керек», – деди Абдрахманов. Анын айтымында, учурда жолугушуунун күн тартиби жана катышуучулардын курамы белгисиз.
Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы Сирияда «коопсуз зона» түзүү тууралуу меморандумга кол коюу менен аяктаган. Ал сүйлөшүүлөргө катышкан сирия оппозициясы Орусия тараптан сунушталган коопсуз аймактарды түзүү планын четке каккан. Кепил мамлекеттер – Орусия, Түркия жана Иран меморандумга кол койгондуктарын жарыялаган соң сирия оппозициясынын өкүлү Усама Абу Зейд өлкө өзүнүн аймактык бүтүндүгүн сактап калышы керектигин билдирген.
«Азырынча алдыдагы жолугушуунун күн тартиби тууралуу эч кандай так маалыматтар жок. Бирок кепил-өлкөлөр алдын ала маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасында май айында кол коюлган меморандумду ишке ашыруу жолдорун, анын ичинде коопсуз зоналар кандай иштей тургандыгын тактоо болжолдонууда», – деди Абдрахманов.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ