Кечээ 5-июнда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон иш боюнча болгон соттук отурумдан соң, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Фейсбук” социалдык тармагындагы баракчасына өз оюн жазды.
“Өмүрбек Текебаевге ар кимдин көз карашы ар кандай болушу мүмкүн, бирок анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, демократия жана сөз эркиндигине кошкон чоң салымын билишибиз керек. Текебаев адилеттүү жана эркин коом курууга чоң салым кошкон саясий лидер экенин, биз, жаш муун өлүп баратсак да айтышыбыз абзел. Бул урпактарга улана турган узак жол, багыт. Депутаттык мөөнөттө эки көпүрө, бир мектеп куруп берген бизнесмен саясатчыны муну жасады деп, анан бул кишини эмне кылып койду дегендерге такыр түшүнбөйм” – дейт депутат өзүнүн постунда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ