Орусия Коргоо министрлиги тактикалык машыгуулар учурунда согуш тик учактарынын биринен ракета жаңылыш кое берилгенин билдирди. Ракета тийген жүк ташуучу унаада кишилер болгон эмес. Министрликтен окуянын “Батыш-2017” машыгууларынан тиешеси жок экенин баса белгилешти.
Тик учакка байланыштуу видеоролик 18-сентябрда жарыяланган:
Буга чейин 66.ru порталы окуя “Батыш-2017” машыгуусу учурунда болгонун, жыйынтыгында эки киши жаракат алганын жазган.
Министрликтен тактикалык машыгууда тик учактын экипажы жердеги буталарды жок кылуу боюнча көнүгүүлөрдү жасап жаткан учур видеого түшүп калганын маалымдашты.
“Социалдык түйүндөрдөгү “журналисттер тобун жапырт аткылоо”, “көп сандагы жаракат алгандар” тууралуу кабарлардын баары атайын чагым же кимдир бирөөнүн алаңгазарлыгы”, – деп билдирди министрдиктин маалымат кызматы.
Ленинград облусунун полигонунда бир айда ушуну менен экинчи жолу чуулуу окуя катталды. Сентябрдын башында танка снарядынан бир аскер кызматкери мерт кетип, беш киши жаракат алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ