Казакстан Катар маселесин чечүүдө токтоолукту көрсөтүп, консенсуска жетүүгө чакырууда. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Бир катар араб өлкөлөрү – Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги 5-июнда Катар менен дипломатиялык байланышын үзүп, кургак, суу жана аба байланыштарын токтоторун жарыялаган. Алар Доханы аймакта экстремизмди колдоп жатат деп айыпташкан.
Абдрахманов Казакстан тараптар пикир келишпестиктерди жоюп, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечишерине үмүт артып жатканын айтты. Ал дипломатиялык мамилелердин бузулушунан эң ириде бул өлкөлөрдөгү эл жабыр тартарын баса белгилеп, өз ара пайдалуу чечим кабыл алууга чакырды.
Буга чейин 2014-жылы Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн “Мусулман агайындары” тобуна колдоо көрсөтөт деген жүйө менен өз элчилерин Катардан чакыртып алышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ