“Мен Боронбаев Шабдан фейсбук баракчамдагы аккаунтумдан эки пост жазган элем, бири коронавирус тууралу ушул жөн эле төңкөрүштөрдүн алдын алуу үчүн саясат эмеспи: “Кыргызстандагы коронавирус төңкөрүштөрдүн алдын алуу үчүн “чыгып” кетти бейм?)))” экинчиси: “Жалал-Абаддагы милициянын беспределин туура деген малдар кандайсыңар?” деген. Ошол жазган постторум боюнча өзүм ойлонуп көрүп, эмоцияга алдырып, ачуу үстүндө жазып алганымды түшүндүм. Ушул ишиме өзүм өкүнүп, кыргыз элинен кечирим сурайын деп чечтим. Урматтуу кыргыз элим, сиздерден кечирип коюуңуздарды өтүнөм”, – деп кечирим сурады интернет аркылуу жалган, чагымчыл маалымат таратып жүргөн Шабдан Боронбаев аттуу жаран.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ