Menu

Мирзиёев Сардаба районунун жашоочулары менен жолукту

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 13-октябрда Сырдарыя облусуна барып, Сардаба дамбасы жарылгандан кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдү карап чыкты.

Маалыматка караганда, аймакта бардыгы болуп 90го чукул үй салынган. Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, трагедиянын кесепеттерин жоюу үчүн чукул чаралар көрүлүп, кышка чейин тургундарды турак жай менен камсыздоого мүмкүн болгону айтылган.

Буга чейин Сардаба районунун бир нече жашоочусу өкмөт убада кылган компенсациясын бербей жатканын, үй менен камсыз болушпаганын билдиришкен.

Расмий маалымат боюнча быйыл 1-майда Сырдарыя облусунун Сардаба, Акалтын жана Мирзаабад райондорунда 2 570 үй, 76 көп кабаттуу турак жай жараксыз абалга кептелген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: