Түркиянын прокуратурасы Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салууга айыпталган Өзбекстандын жараны Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Түркиянын Anadolu агенттиги кабарлагандай, Машарипов конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракет жасаган жана 39 адамды атайылап өлтүрүүгө катышкан деп айыпталууда.
Эгерде өзбек жараны күнөөлүү деп табылса, террористтик топтун мүчөсү болгон үчүн 15 жылга жана 39 адамдын өлүмү үчүн 2370 жылга кесилет.
Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар катары 58 киши айыпталып жатат. Анын ичинен 18и камалып, дагы 8 жаран жоопкерчиликке тартылган.
Соттун чечими ушул жылдын 23-мартында чыгуусу күтүлүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы Стамбулдагы “Reina” түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 69 адам жарадар болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” өз мойнуна алган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ