Menu

Уча

Бөлүшүү:

2007-жылы белгилүү обончу жана аткаруучу Жолболду Алыбаевдин 60 жылдык маараке тою белгиленип, белгилүү төкмө, КР эл акыны Рахматуула Козукеев, акын, фольклор жыйноочу, филология илимдеринин кандидаты Асанбай Жусупбеков жана башка ырчы чоорчу кыздар балдар болушуп Жалал-Абадтан Өзгөнгө женөшөт.

Өзгөндүн чарбаларына, мекеме ишканаларына барышып концерт беришип, төкмөлөр кошуп ырдап, Асанбай Жусупбеков кара сөз менен Жокени мактап дүңгүрөтүп салышат.

60 жылдык маарекенин салтанаты аяктайт.

Акырында Жолболду Алыбаевдин туулуп өскөн Кутурган айылына келишет.

Жоон топ өнөрпоздорду Жокенин айылдаштары жакшы тосуп алышат. Өнөрпоздорду чай ичкиле деп жасалгалуу боз үйгө киргизишет. Дасторкон толо тамак-аш, шириндиктер жана мөмө-жемиштер толтура болот. Шорпо тартылып устукандар келе баштайт. Акырында бир чоң табакка салып жылкынын учасын апкелишип, ошол жерде конок болуп олтурган Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго коюшат. Мадумаров оордунан ыргып туруп:

– Аске, жол сиздики,- деп Асанбай Жусупбековдун алдына коёт.

Асанбай Жусупбеков:

– Ээ балдар чынын айтсам биринчи жолу уча алышым, мунун жол-жоосуну кандай?- дейт.

Ошондо ал жерде олтургандын ичинен Рахматулла Козукеев:

– Уча таркан балага акча берет, сиз да көңүлдөн чыккан акчаңызды бериңиз, анан ушул жерде олтургандарга учадан ооз тийгизип коюңуз, анан калганын үйүңүзгө апкетиңиз, үй-бүлөңүз менен жейсиз, досторуңузга колу-коңшу, жоро-жолдошторуңузга ооз тийгизесиз,- дейт.

Асанбай аке учаны апкелген балага миң сом берип, учадан кесип алып бир тарелкага туурап, ошол жерде олтургандардын баарына ооз тийгизет да калганын бир ак дасторонго ороп, ары жылдырып коёт.

Олтуруш аяктап, Кутургандан Жалал-Абадга кайтышат. Баары бир автобуска чыгышат, жолдо улам түшүп олтуруп адам азайганда Жолболдунун үйүнө келишет, Жолболду түшөт. Жолболдунун аялы Венера учаны кармап баратканын көргөн Асанбай аке: “эй Венера, тиги уча мага тиешелүү эле”- десе. Венера: “бара бериңиз, учаны эртең менен өзүбүз алып барабыз”- деп коёт. Ушуну менен Асанбай аке үйүнө кетет. Аске эртең менен туруп, колу-коңшуларын, жоро-жолдошторун чайга чакырат.

– Кандай чай?- дегендерге:

– Өмүрүмдө биринчи жолу жылкынын учасын алдым, азыр Жолболду менен Венера апкелет,- дейт. Баары күтүп олтуруп калышат, саат 11 болот, уча жок, 12 болот жок, саат эки жарымга чейин күтүшөт, уча келбейт. Олтургандар Асанбай аке апкелген устакан кешиктен ооз тийип тарап кетишет.

Бул окуя Аксыга белгилүү төкмө акын Ысак Барпиевге угулат.

Бир күн Ысак аке Жалал-Абад шаарына келет. Асанбай менен учурашып коёюн деп областтык маданият башкармалыгына кирет (Ж.Алыбаев, Р.Козукеев, А.Жусупбеков баары ушу башкармалыкта чогуу иштешет болчу). Кирсе Асанбай жок. “Бул кагазды Асанбайга берип койгула”- деп бир барак кагаз таштайт. Эртеси Асанбай аке ишке келсе баягы бир барак кагазды беришет. Ачып окуса, мындай деген саптар болот.

Көкүрөктү ыштаган,

Кеп уктум мурда укпаган,

Ооз тийгиз Асаке,

Тиги Өзгөндөн келген учадан Же артпайбы ал уча,

Жанагы Жолболду деген сукадан..

Анан ошол эле барактын башка бетине Асанбай акенин жооп жазып жаткан кербези:

– Көкүрөктү ыштаган,

Кеп уксаң мурда укпаган,

Ырас ооз тийгизет элем Ысаке,

Өзгөндөн келген учадан.

Сыйдан алган мен болдум,

Сыйрып алган ал болду.

Коноктон алган мен болдум,

Карактап алган ал болду.

Аа кайсы бирин айтайын Эси жок экен Жолболду,- деп жооп кайтарат. (“Эси жок экен” деген сөздү мен коштум, ал жерде башкача айтылат – автор).

Элден уккандарды жыйнап даярдаган

Сагын Эшме

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: