Menu

Айрым чек ара аймагындагы айылдарды өзгөчө статус берилген тизмекке киргизүү демилгеси көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, буга чейин өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеги бекитилген, бирок кийинчерээк келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, аларды ал тизмекке кошуу үчүн кошумча критерийлерди иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болууда.

“Ал үчүн айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү маселесин чечүү керек.Өзгөчө статус берүү үчүн негизинен 3 критерий белгиленди: айылдын социалдык-экономикалык жактан начардыгы; айылдын жайгашкан шартынын катаалдыгы; улуттук коопсуздук жаатындагы абалы”, – дейт агенттиктин өкүлү.

Белгилей кетсек, 2011-жылы түзүлгөн тизмекке 59 айыл, 10 участка киргизилип, алардын өнүгүүсүнө республикалык бюджеттен 1 млрд сом, жергиликтүү бюджеттен 350 млн сом өлчөмүндө каражат берилген. Ушу тапта дагы 56 айыл ошол тизмеге кирүү жөнүндө өтүнүчүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: