Menu

АКШ жетектеген коалиция Сириядагы Асаддын тарапташтарына сокку урду

Бөлүшүү:

АКШ баштаган эл аралык коалиция Сириянын Ат-Танф калктуу конушундагы өкмөттүк күчтөрдүн тарапташтарынын позициясына абадан сокку урду. Бул тууралуу коалициянын сайтында кабарланат.

Авиасокку абадан коргонуу куралы менен танкты талкалаган. Бомбалоонун алдында америкалык аскерлер бир нече жолу эскертүү беришкен.

АКШ кол башчылыгы тараткан билдирүүдө Сирия президенти Башар Асад режиминин тарапташтары Ат-Танфта деэскалация аймагына кирип барышкан. Ал жакта америкалык аскерлер куралдуу оппозицияны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүгө даярдайт.

Бул апта ичинде коалиция Башар Асад колдогон күчтөрдүн позициясына эки сапар сокку урду. Майдын соңунда сирия өкмөтүнүн тарапташтарынын кербени бомбалаган. Пентогондун маалыматына караганда, алар уруксат сурабай коопсуз зонага кирип барышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: