Өткөн жумада интернет желесине эки сот процессиндеги көрүнүш чагылдырылган тасма тарап, көргөн адамдын көңүлүн оорутту. Анын бири “Ата Менен” фракциясынын лидери, учурда абакта отурган Өмүрбек Текебаевдин соту болсо, экинчиси экс-депутат Садыр Жапаровдун таламын талашам деп чыга коюп, камакка алынган тарапташтарынын процесси.
Сот кадимкидей сот, айыпталган тарап да, актаган жана айыптаган жак да бар. Бирок, процесске кичинекей балдардын аралашканы, айрыкча ыйлашкандары жүрөк оорутарлык нерсе.
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын биринин эки жашар баласы темир тор артындагы атасын көрүп калып, “аталап” ыйлады. Бирок, конвойлор баланы атасына жакындатышпады. Текебаевдин сотунда да ушул эле көрүнүш кайталанды. Саясатчынын кичүү кызы Айсараны атасынан ортодогу конвойлор бөлүп турушту. Айсара эсине кирип калгандыктан, эки жашар баладай, үн чыгарып, буркурабаса да, көзүнөн жашын агызып, апасына жөлөнүп турду.
Процесске катышып аткандардын кийлигишүүсү менен гана Текебаев кызынын маңдайынан сүйө алды.
Муну карап туруп, “саясатың менен сайда кал, чоңдордун оюнунан запкы тартып, балдар ыйлабасынчы”,- дегиң келет.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ