Menu

Ичкиликти жакшы көргөн Кадыр Токтогулов Кыргызстанды АКШда уят кылып…

Бөлүшүү:

Ар бир мамлекеттин тышкы саясатын, жүзүн элчилер көрсөтөт эмеспи. Ошондуктан тигил же бул өлкөгө элчилерди дайындоодо алардын чет тилин билгендиги, билими менен интеллектуалдыгы эмес, жүрүш- турушу, кала берсе өң-келбетине да көңүл бурулат. Бирок эмнегедир дайыма өзүнүн шоопур, жансакчы, пол жуугучтарын мамлекеттик чоң кызматтарга дайындаган президентибиз АКШга ал кездеги пресс-катчысы Кадыр Токтогуловду ылайык көргөн. Дипломатиялык билими мындай турсун, жүзүндө жылдызы байкалбаган бул жигит океандын ары жагында эмне кылып, Кыргызстанга кандай пайда келтирип жүргөндүгү тууралуу эч ким билбейт болчу. Жакында жергиликтүү ММКлардын бири АКШдагы элчибиз тууралуу мындай деп жазды: “Кыргызстанды АКШда уят кылган алкаштын бири кодурайган Кадыр Токтогулов. Кадыр өзү АША жөнүндө көрүнгөн жерде айтып жүрөт досторуна – аракты АША жанындай жакшы көрөт имиш,  психологиялык проблемары да бар имиш! Кайран Кыргыз элди ушундайлар шерменде кылып жүрөт чет өлкөдө. Ушундайдардын айынан Кыргызстанды чоң өлкөлөр урматтабайт!”. Ошол эле текстке кошо берилген 4-5 сүрөттө көрүнүп тургандай, океандын ары жагындагы элчибиз ичкиликти жакшы көрүп, ал тургай бокал көтөрүп камерага түшкөндөн тартынбайт да экен.  Кайран гана кор болгон элчилик.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: