Menu

31-январда 4-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

31-январда, 1-2-февралдарда жана 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот.  Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

3-февралда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана  Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.  Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда  кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 3-февралда күндүз жана 4-февралда  тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: