Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык коллежинде бүтүрүүчүлөрдүн аземи болуп өттү. Бул туурасында ОШМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.
Салтанаттуу иш чараны ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, эң мыкты бааларга окуган жана коомдук иштерде өрнөк көрсөткөн студенттерге алкыш баракчаларын, «Эң мыкты бүтүрүүчү» номинацияларын тапшыруу менен келечегине ак жол каалады. Ата-энелер да катышкан салтанатта таланттуу студенттер тарабынан бүтүрүүчүлөргө арнап даярдалган атайын концерттик программа тартууланды.
Бүтүрүүчүлөрдү кызуу куттуктаган коллеждин директору юридика илимдеринин кандидаты Толгонай Ураимова жаштардын келечегинен көптү үмүттөнөрүн билдирип өттү. Аземде кубанычка бөлөнүп отурушкан ата-энелер да перзенттерине билим-тарбия берген окуу жайдын окумуштуу-окутуучулар жамаатына алкышын айтып, ыраазычылыгын билдирди. Келгендерге көтөрүнкү маанай тартуулган иш чара аягына чейин мукамдуу музыканын коштоосундагы ыр-бий жана түрдүү оюн зооктор менен коштолду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ