Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму дүйнөнүн күчтүү балбандарынын кезектеги рейтингин жарыялады.
Ага ылайык, май айында Индияда өткөн Азия биринчилигинде жана Бакуда өткөн Ислам тилектештик оюндарында алтын медал утуп алган кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова өз салмак категориясында (58 килограмм) 4-орундан 3-орунга көтөрүлгөн.
Биринчи орунду мурдагыдай эле төрт жолку олимпиада чемпиону болгон жапон спортчусу Каори Ичо (Kaori Icho) ээлеп турат. Африканын мыкты балбан кызы, мурдагы рейтингде үчүнчү орун алган тунистик спортчу Марва Амри (Marwa Amri) бул жолкусунда экинчи сапка көтөрүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ