Атамбаев 2017-жылы 8 – 10-июнда жумушчу сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага барат. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.
Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ