Президент Атамбаев «Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүү.
Кабыл алынган Мыйзам Жер кодексине, Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ