Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малкини кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда Палестина Мамлекетинин тышкы иштер министри Рияд Малкини кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы кызматташтыкты  чыңдоо жана тереңдетүү боюнча  кыйла маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы министр Рияд Малкинин келиши кыргыз-палестин мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенимин билдирди.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малки кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын белгилеп, Палестинанын Президенти Махмуд Аббастын жылуу каалоо-тилектерин жана келип кетүү тууралуу чакыруусун жеткирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Палестинанын элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү каалап, Кыргызстан ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: