Menu

Улуттар аралык кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери КРнын ИИМдин көмөктөшүүсү менен Беларусь Республикасынан ЕАЭБдин аймагынан тышкары наркы эки жүз миң доллар болгон темеки буюмдарын мыйзамсыз экспорттоого тийиш жактарды аныктоого жана табууга багытталган тергөө иштерин өткөрүштү. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-февраль күнү билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ички териштирүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү
башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте 2020-жылы 30-январда бажы кызматынын кызматкеринин өз убагында даярдалып жаткан кылмыш тууралуу билдирүүсүнүн жардамы менен жалпы наркы 200 миң долларды түзгөн тамеки буюмдарын “бажы экспорту” бажы жол-жобосун мыйзамсыз аяктоо үчүн 65 миң доллар өлчөмүндө ортомчулар аркылуу пара берүү аракетин жасоодо К.Д. 1978 ж.т., Н.К. 1972 ж.т. Ж. Н. 1986 ж.т., Т.Н. 1974 ж.т Россиянын жана Казакстандын жарандарынан турган улуттар аралык кылмыш тобу кармалды. Аталган жарандарга карата ЖАМКтын № 21 мекемесинде камакка алынышты.

Мындан тышкары белгилей кетчү нерсе, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2020-жылдын 5-февралда ортомчулар аркылуу 75 миң доллар өлчөмүндө пара берүү аракетин жасоодо улуттар аралык кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү – Беларусь Республикасынын жараны С.Ю. кармалды, аталган жаранга карата сот тарабынан ЖАМКтын № 21 мекемесинде камакка алуу бөгөт коюу чарасы алынды.

Тергөө иш чаралары бекитилген планга негизделип даярдалган, ал эми сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР КЖКнын 320-беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча улуттар аралык кылмыш тобунун калган мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш чаралары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: