Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөр аткаруу бийлигине табышталды. Об этом сообщает Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Депутат Тынчтык Шайназаров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагында союздан калган, баардык тиешелүү шарты бар төрөт үйү тууралуу айтып, ал квалификациялуу адистерге муктаж экенин Саламаттыкты Сактоо министрине кулак кагыш кылды.
Өткөндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бөйрөк оорусу менен ооругандар үчүн атайын гемодиализ борбору бир катар бийлик жетекчилеринин катышуусунда ачылган. Тилкке каршы, бул борбордун штаты карала элек. “Даярдап берген оорукананы дагы врачтар менен камсыздай албай жатабызбы” деген маселени депутат Таабалды Тиллаев КР Өкмөтүнүн астына коюп, бул борборду ачып берген ишкерге мамлекет тарабынан көңүл бурулуусу зарыл экенин билдирди.
Депутат Азизбек Турсунбаев бүгүнкү күндө коомчулук үчүн спайс – синтетикалык маңзат өтө коркунучтуу болуп жатканынан коңгуроо какты. Адистердин пикирлерине таянуу менен депутат бул маңзат ички органдарды бат эле талкалаарын, эң жаман жери аны жасоого кадимки эле чарба дүкөндөрүнөн керектүү заттарды алууга болоору тууралуу айтып, коомчулукка, калк арасына бул коркунучтуу маңзаттын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтууну зарылдыгын баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ