Menu

Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүү маалында наркотиктикалык каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы аныкталды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Тартип сакчыларына Бишкек шаарынын 53 жаштагы тургуну уруксат берилбеген затты сактагандыгы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Тинтүү ишинин жыйынтыгында, жарандын жашаган үйүндөгү жайкы жуунучу душтун ичинен пакет табылып, анын ичиндеги эки литрдик банкадан 86 ширенкенин формасындай болгон өңү кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Табылган зат Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик криминалисттик башкармалыгына химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Эксперттин жыйынтыгы боюнча, бул зат кара куурай “гашиш” экени аныкталып, жалпы салмагы 1кг 886 граммды түзгөн. Кармалган жаранга мурунда кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылган.
Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камалып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246-беренеси (баңги каражаттарын башкага берүү максатын көздөбөстөн мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: