Бишкек шаарынын эски аянтында Бишкек ШИИББнин башчысынын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн, Курман айт майрамын жана Билим күнүн майрамдоо убагында милиция кызматкерлери кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү максатында гарнизондук саптан өтүштү. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаардык ички иштер органынын өздүк курамы 29-августтан баштап коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн кызматтык режимде иштей башташты.
“Андан сырткары, ар бир милиция кызматкери жарандарга сылык мамиле жасоо менен жоопкерчиликтүү болуп, коомдук тартиптин бузулушуна жол бербөөгө өз убагында чара көрүп, кесипкөйлүгүн көрсөтүш керек”,-деп Бишкек ШИИББнин башчысы Сталбек Рахманов сөз сүйлөдү.
Майрамдык иш-чараларды өткөрүү убагында 2500 ашуун шаардын милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөйт.
Милиция кызматкерлерине инструктажтар өткөрүлгөн соң, Бишкек ШИИББнин кызматкерлери эски аянтчадан майрамдык жүрүш менен өтүштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ