Бишкектин көчөлөрү жуула баштады. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Анын маалыматына караганда, «Тазалыктын» кызматкерлери көчөлөрдү жуучу атайын техникадагы кышкы жабдыктарды алмаштырууда. Бир нече күндөн кийин баардыгы даяр болот.
Бүгүн Аалы Токомбаев,Фучик, Жибек Жолу көчөлөрү, Манас жана Чүй проспектилери жуулуда.
«Атайын техника толугу менен даяр болуп, эртең менен абанын температурасы жылыгандан соң, баардык көчөлөр жуула баштайт»,- деп айтылат маалыматта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ