Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева дегениңер Кудай ургандай эле жетекчи болду го. Анын дарегине эмне деген гана сындар айтылбады. Ушунча жылдан бери бир алгылыктуу жасаган иши жок. Алгылыктуу иш жасап пайда келтире албаса да, билим берүү тармагын талкалап зыян кылбаса болот эле. Тилекке каршы, бул тармактын тамтыгы чыгып, коррупция күндөн-күнгө күчөп жатканы кашкайган чындык. Ал эми министрлик ар кандай жолдор менен басып чыгарган окуу китептери да балдардын акыл-көрөңгөсүн өстүрбөй, тескерисинче артка тартып жатканын көптөгөн ата-энелер айтып келишет. Көрсө, окуу китептерди министрликтин акчасына ортодо билим маселеси менен эч иши жок ортомчу фирмалар басып чыгарат экен. Окуу китептердин көбүн орусча басышат, анан кайра котормону түшүнбөгөн, түшүнсө да башкача ой жүгүртүшкөн эргулдар ашмалтайын чыгарып кыргызчага которушат. Биздин окуу китептерибизди барактаган башка элдердин окумуштуулары да катуу шылдыңга алып күлүп жатышканы да ачыктала баштады. Анан окуучулар чайналбаганда ким чайналат? Кудайбердиева болсо, башкасына эмес ушул окуу китептери кандай болуш керек деген маселеге башы жетпеди. Көрсө, көрөңгөсү тайыз, эптеген бир байкуш тура. Жээнбеков бул чабал министрди эмне мынча колдоп, коргоп жатканы түшүнүксүз. Камчыга сап болсо го, кеп жок эле. Же Кудайбердиевага кыргыз билим берүү системасын талкалоо тапшырмасы кайдан-жайдандыр берилди беле? Бийлик деңгээли төмөн айымды кызматта сактап олтурбай, билим берүүнүн системасын сактап калса жакшы болот эле. Иттики десе…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ