Menu

Аида Касымалиева, вице-спикер: Садыр Жапаров мыкты премьер боло алат деп ишенем, бирок мыйзамдуу жол менен келсин. Күчкө салып премьер болуунун кереги жок”

Бөлүшүү:
Тактоочу маалымат. Урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун жүз миңдеген тарапташтары, мен элдин колдоосун көрүп турам.
Ошондуктан “Достукта” колдоп бергем, калган депутаттарды чакырып да жаткам.
Буга айрыкча депутат Курманкул Зулушев жана саясатчы Камчыбек Ташиев күбө.
Садыр Нургожоевич менен эки жолу телефондон сүйлөштүм, колдойм дегем өзүнө. Буга депутат Талант Мамытов күбө.
Эмнеге оюмдан кайттым. 9-октябрдагы коомдогу ар тараптан күч колдонуу жүрөгүмдү тилди. Биз күч менен жакшылыкка жете албайбыз.
Азыр бизге компромисс жана мыйзамдуулук керек. Коомдогу бардык күчтөрдүн макулдугу керек.
Садыр Жапаров мыкты премьер боло алат деп ишенем, бирок мыйзамдуу жол менен келсин. Күчкө салып премьер болуунун кереги жок. Ал бардык тараптарды бириктирген премьер болушу керек.
Биз премьерди кайра шайлоого баралы. Мыйзамдарды сактайлы. Эч кимге басым жасалбасын. Депутаттар коркпой келсин баары.
Мен жөнүндө жалган маалымат жана коркутууларды жөнөтүүнү токтотуңуздар. Элге калп эле каршы кылып көрсөтпөңүздөр.
Аида Касымалиева, вице-спикер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: