Menu

Чүйлүк кадрларды кызматка тартуу жанданууда

Бөлүшүү:

Күзгө карай Атамбаевдин биликке каршы чабуул коёрунан чочулаган борбордук бийлик алдыртан кырдаалга байкоо салып, Чүйдөн чыккан кадрларга артыкчылык берүү менен кызматка тартууну улантылууда. ИИМ, УКМК, коргоо министрлигин, коопсуздук кеңеши баштаган күч органдарындагы өңчөй чүйлүк кадрларды эске албаганда да бийликтеги чоң-кичине «майталкан» кызматтарга Атамбаевдин оппозициядагы оор күндөрүндө арка-бел болуп, кийин бийликке жеткенде жээкке сүрүлүп калышкан сары өзөндүк кадрларды тартышууда. Мындай тизменин сап башын Ысык-Ата районунун мурдагы акимдин орун басары, спортсмен Эстебес Калиев ээледи. Эстекең соңку эки жумадан бери «Мегаком» компаниясынын төрагасынын еңешчилигин аркалоодо. Калиевдин артынан бийликке кызматка тартылчуардын кийинки сабында Атамбаевдин 2007-жылдагы (өкмөт башчы кезинде) экс-кеңешчиси Турдубек Молдобеков («Нур» партиясынын лидери) турары саңкууланды. Андан соң мындай тизмени Сагынбек Абдрахманов баштаган Атамбаев бийликге турганда четке сүрүлүп калган чүйлүк кадрлар толукташаары боюнча кеп кетти. Булардын үстүнөн «кураторлукту» президенттин Чүйдөн чыккан кеңешчиси Айбек Азыранкулов аркалаары боюнча да маалыматтардан сабардар болдук. Эстекең ажонун кеңешчиси Айбек мырзага ат тезегин кургатпай каттап жатканына караганда, эски партиялаштарынын бир далайын кызматка тартып, алардын Атамбаев бийлигинен акталбаган мээнеттерин Соке досунун учурунда актатабы? Эми Эстекеңдин колунан келип турса, дүкүлдөгөн тейде жалаң эле чүйлүктөргө басым жасабай, колунан иш келчү жигиттерди колдоп турса жаманбы? Кайран киши алдындагы кызматтык «Джипке» түшсө эсире көөп, өзгөрүп кетпесе болду го…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: