Menu

Азербайжан менен Армениянын ортосунда кайрадан кагылышуу болду

Бөлүшүү:

Армения менен Азербайжан чек ара аймактарында ок атышуунун кайрадан башталышына бири-бирин айыпташты.

Армениянын Коргоо министрлиги ок атууну азербайжан тарап 16-июлга караган түнү баштап, «татыктуу жооп» алганын билдирди.

«Түнкү саат 03:40та күзөттө турган армян жоокерлери Азербайжан күчтөрүнүн биздин аймакка диверсиялык кирип келүү аракетин токтотушту. Ортодогу атышуудан жоготууга учураган азери тарап артка чегинди. 05:20да Айгепар, Мовсес айылдарын аткылай башташты. Бул аймакта ок атуу азыр да уланууда», — деп жазды Коргоо министринин басма сөз катчысы Шушан Степанян «Фейсбуктагы» баракчасына.

Ал азери тарап күн мурун келишилген ок атпоо режимин бузганын кошумчалады.

Өз кезегинде Азербайжан Армениянын Куралдуу күчтөрү 16-июль күнү эртең менен Товуз районундагы азери позицияларына дагы бир жолу кол салууга аракет кылганын билдирди. Азербайжандын «Туран» агенттиги чек арага жакын жайгашкан Агдам, Дондар, Гушчу жана Вахадли айылдары миномёттон аткыланганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, жай тургундардын арасында жабыркагандар жок.

Армения менен Азербайжан 12-июлда чек арада башталган ок атышууга да бири-бирин айыпташкан.

14-июлда Армения чек арадагы атышуудан бир майор, капитан жана эки кенже сержант каза болгонун билдирди. Азербайжан генерал-майор, полковник жана бир нече жоокерин жоготконун кабарлаган.

БУУ менен ЕККУ армян-азери чек арасындагы абалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, тараптарды тез арада ок атууну токтотууга чакырышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: