Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ташкентте «Талибан» кыймылынын саясий кеңсеси ачылгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин өкүлү РИА Новости агенттигине билдирди.
«Бул маселе талкууланган эмес. Эч кандай кеңсе ачылган жок», – деди өзбек ТИМинин кызматкери.
Мурдараак Reuters агенттиги талиптердин өкүлүнө шилтеме кылып, кыймыл Өзбекстандын борборунда саясий кеңсесин ачканын жазган.
«Талибан» кыймылынын жалгыз расмий өкүлчүлүгү Катардын аймагында жайгашкан. Буга чейин Катар бийлиги АКШнын өтүнүчү менен өз аймагына «Талибандын» өкүлдөрүн кабыл алганын билдирген.
Өткөн аптада Өзбекстан ТИМи 7-10-август күндөрү Ташкентте «Талибандын» өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болуп, Ооганстандагы абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу маселеси талкууланганын кабарлаган.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ