Menu

Кумтөрдүн жанындагы тилкелер башка компанияга иштетүүгө берилген

Бөлүшүү:

Кумтөрдүн айланасындагы Үч-Көл, Коёнду жана Карасай тилкелерин чалгындоого лицензиялар башка компанияларга берилип кеткен. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, тилкелер Сары-Чат – Ээр-Таш коругунун аймагына кирбейт.

2015-жылы депутаттык комиссия ишин аяктаган соң «Центерра Голд» компаниясы чалгындоо ишин жүргүзүүдөн баш тарткан. Кийин бул тилкени иштетиш үчүн башка компаниялар лицензия алган.

«Биз бул маселени териштиребиз. Эмне себептен бул тилкелерге лицензия берилип келет? Коопсуздук кеңешинин алкагында да каралат», – деди Ибраев.

Буга чейин аталган тилкелер мамлекеттик коруктун аймагына кире турганы жана Кумтөргө берилип кеткени тууралуу маалыматтар айтылып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан болчу.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: