Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Де-Факто» гезитин сотко берди. Гезитке чыккан макаланын өзөгүндө эл өкүлүнүн аброй, ар-намысына тийиштүү сын кеткен. Буга байланыштуу Бакыт Эргешович кадыр-баркын сот аркылуу коргоп алууга умтулууда. Ажолукка аттанып, эл башчы болууга бышып калган эл өкүлү мындай шартта бийик болуп, гезиттеги «тентек» үкалары менен тынч маанайда сүйлөшүп алса, андан көрө алдыдагы чоң казатта алар менен эриш-аркак иштешсе болбойт беле? Орозо айында кек сакташпай, кечиришүүгө барышса не? Аталган гезиттин редактору Амантур Мусагулов кепке келе турган, ийкемдүү эле жигит. «Эр чекишпей бекишпейт» мисалын эске алып, компромисстик жолду тандашканы туура го…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ