Menu

Теменсуу айылындагы молдолордун селделерине чок түштүбү?

Бөлүшүү:

Москва районуна караштуу тоо түбүндө Теменсуу айылы бар. «Зарыл ишиң болбосо Зардалыга эмне бар?» дегендей, ал айылга деле ишим жок болчу. Кыргыздыкы ушу тура, агамдын кайниси чөп үстүнөн кулап кетип бейажал тапты. Топурак салып, куран окутуп койгону барып калдым. Атайын шаардан келгенден кийин кадимкидей эл катары даарат алып, маркумдун жаназасына камданып койдум.

Жүзү курусун, «чү» дегенде эле жаназага тургандарга молдоке көнүмүш адатта дааватын айтып бүтүп эми баштайын деп атты эле нары жактан бирөө молдокеге карата «молдоке, бутуңду чеч, чеч бутуңду!» деди эле, анысы жөн турбай, «бутумда бок болбосо чечпейм. Шариятты билип ал» деп жооп кайтарды. Оозумдагы келмем ыргып кетти, сабыр кылдым. Биринчи жолу көрүшүм. Бул эч нерсе эмес. Топурак салганы көрүстөнгө бардык. Маркум жайгаша турган жайды талкуулап башташты. Бир жагы «бул эми эксперимент, эң негизгиси буту кыбыланы теппесе болду» десе, экинчиси «маркумдун сөөгү силерге оюнчук эмес, акыретге жоъп бересиңер. Жайды туура эмес казыпсыңар» деди. Баягы эки жаат кайым айтышуу дагы уланды. Көрүстөнгө баргандар маркумга топурак салып бүтүп, Курандын фатиха жана ихлас сүрөөсү окулуп бүткөндөн кийин жанындагы сакалдуу момун мусулманга «сиз да Куран окуп коюңуз» деп аягына чыккыча, жанагы экинчи тарап сөздү буруп Куран окуп баштады. Молдоке «токтот, сен окубайсың, аксакал окуйт!» деп өктөм айтты, болбоду. Үнүн катуу чыгарып мен билбеген сүрөөнү узак окуду. Баарыбыз алакан жайдык. Жаназа окуган молдо алакан жайып бата кылган жок. Анан аксакал киши окуду. Бу кишинин да сүрөөсүн билбейт экем. Алакан жайып бата кылынгандан кийин баягы эки тараптын акыйнек айтышуулары уланды. Түшүнбөдүм, мындай көрүнүш, болгондо да көрүстөндө, кайым айтышуулар, кимиси чын, кимиси калп. Бир топ ызылдашып барып сөөк чыккан жерге бардык. А жерде да бир топко эки жаат болуп айтышты. Албетте, мушташкан жок. Көз көгөрүп, мурун канабады, беттүздөлгөн жок… Чынымды айтайын, бала болуп башыма түк чыкканы алтымышты таядым, мындай жорук-жосунду көрбөптүрмүн. Жан кашайганда «журналистмин, бужоругуңарды жазам» дедим. Бир аксакал киши «жазам» дебей эле жазып кой. Булар айыл имамдык орунду талашып атышат. Талашкандарына көп болду. Жок дегенде көрүстөндүн үстүнөн тынч болуп, анан деле чыр-чатагын чечип алышса. Кимиси имам, кимиси адам бойдон каларын эл жокто чечип алышпайбы. Биздин айылды такай ушинтип уят кылып атышат» деди. Айыл эли экиге бөлүнүп калыптыр. Бири-бирине катташпай бараткансыйт…

Имамдардын болор-болбос чатагын өз убагында токтотуу жана жөнгө салуу боюнча Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылып отурам. Соопчулук үчүн барып коюңуздар, шаардан 65 чакырым жерде жайгашыптыр. Алла ыраазы болсун!

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: