Menu

Ош шаары мэрге жарыбады

Бөлүшүү:

Ош шаарына мэр болгондордун баарысы эле бай-манаптык кулк-мүнөздөн чыга албай коюшту. Мурдагы мэр Мелис Мырзакматов биротоло Оштун ханы болуп алган эле, ал гана эмес Ошту менчиктеп, «Ош меники!» – деп кыйкырып төш какканы да бар. Анысы бүтүп эми азыркы мэр Айтмамат Кадырбаев деле Мелистен ашса ашты, бирок кем калган жок. Кайран киши кызыл килемдин гана үстүндө сөз сүйлөөнү адатка айлантыптыр. Астына Кызыл килем төшөтпөй эле сөз сүйлөсө болбойбу эмне? Карапайым адамдардын алдында өзүн өйдө коюп, каада күтүп калганыбы? Дегинкисин айтканда Ош шаары мэрге жарыбады. Жаңыча көз-карашта ой жүгүрткөн, жаш, билимдүү Ошко мэр болчу улан-кыздар жокпу эмне? Бай-манаптык илдеттен арылууга мезгил келип жетти го.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: