Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында өлкөнүн туризм тармагындагы абал жана жайкы туристтик мезгилге даярдык боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, фракция мүчөлөрү Балыкчы – Корумду жолунун курулушундагы абалга, аны каржылоо маселесине жана кошумча каржы булактарына кызыгышты. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жол таманындагы баардык түтүктөр орнотулуп бүткөнүн, эми 15-июнга чейин толугу менен асфальттала турганын билдирди. «Жалпы узундугу 104 чакырым Балыкчы – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Мурда 1 млрд 550 млн сомдук жумуш аткарылган, ушул жылы бюджеттен дагы 1 млрд сом каралып, азыр 400 млн сомдук жумуш жасалды. Подрядчик асфальттын экинчи катмарын төшөөгө тапшырык алды», – дейт ал.
Андан тышкары, Балыкчы – Корумду жолунун курулушундагы жумушту каржы маселеси гана кысып турганы, подрядчиктердин өздүк жүгүртүү каражаты жок экени, кошумча каражат булагы табылар замат тастыктамалар берилип жатканы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ