Апасы кызынын күндөлүгүн текшерүүдө, Түркмөнстан.
Түркмөнстанда калк арасында чет элдик, анын ичинде түрк тилдүү телеканалдардын популярдуулугу артып, андан улам жергиликтүү тургундардын көбү түркчө көп сүйлөй баштады.
«Түрк телеканалдарын көрүп жаткан жаштардын аң-сезимине түрк маданияты сиңип калды. Азыр мектеп окуучулары үйдө дагы, сабактарда дагы өз ара түркчө сүйлөшө башташты», — деп билдирди Дашөгүздүн тургундарынын бири «Азаттыктын» түркмөн кызматына.
Маалыматка караганда, өлкөнүн Лебап, Мары жана Ахал облустарында дагы жергиликтүү тургундар өз ара түркчө көп сүйлөшөт.
Серепчилердин пикиринде, буга биринчи кезекте калк арасында чет элдик, анын ичинде түркмөнстандыктарга жакшы түшүнүктүү болгон түрк тилиндеги телеканалдардын популярдуулугунун артышы себеп.
Өлкөдө толугу менен мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн түркмөн телеканалдары көп көрүлбөйт. Бул алардын мамлекет башчыны көкөлөтүп, чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурбагандыгына жана маалыматтын аз болуп, бийликтин жетишкендигин пропагандалаган көрсөтүүлөрдүн көп экенине байланыштуу.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ