Menu

Украинадагы президенттик шайлоодо эреже бузуулар боюнча 1600дөй арыз түштү

Бөлүшүү:

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 44 пайыздан ашыгы добуш беришти. Бул сан беш жыл мурунку шайлоого салыштырмалуу көбүрөөк. 2014-жылкы президенттик шайлоодо бир күн ичинде жалпы шайлоочулардын 60 пайызы гана добуш берген.

Украинанын батыш аймактарына салыштырмалуу борбордук балүгүндөгү Днепропетровск облусунда добуш берүүчүлөр жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Алгачкы экзит-поллдордун жыйынтыгы добушканалар кечки саат 20:00дө жабылгандан көп өтпөй жарыяланат. Украинадагы президенттик жарышка катышып жаткан 39 талапкердин ичинен үч адамдын шансы жогору бааланууда. Алар – азыркы президент Петро Порошенко, куудул Владимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко. Украинадагы президенттик шайлоо учурундагы түрдүү мыйзам бузуулар боюнча кеминде 1600 арыз-даттануу келип түштү. Алардын арасында мыйзамсыз үгүттөө, бюллетендер менен сүрөткө түшүү сыяктуу эреже бузуулар басымдуулук кылат. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги добушканалар жабылаарына эки сааттай убакыт калганда билдирди.

Добушканалардын жанында үгүт жүргүзүү, добуш сатып алууга аракет кылуу жана бюллетендерди сүрөткө тартуу шайлоо учурундагы кеңири тараган эреже бузуулар катары мүнөздөлдү.

Өлкө аймагында миңдеген шайлоо бекеттеринин коопсуздугун 39 миңдей полиция кызматкери камсыздап жатышат.

“Евромайдан” окуяларынан бери экинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер же 39 киши ат салышууда. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Эгер бир да талапкер 50 пайыздан көп добуш топтой албай калса, аңда 21-апрелде экинчи тур өтөт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: