Кыргызстандан барган 140 тонна жашылча-жемишти Россия артка кайтарды. Бул тууралуу Россиянын айыл-чарба көзөмөл башкармалыгы билдирет. Алардын маалыматында, Кыргызстандан 18,5 тонна гилас, 20 тонна өрүк, 23,8 тонна сабиз, 20 тонна пияз, 14 тонна картошка, 1,5 тонна кызылча Новосибирск облусуна келген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө товарда маркировкасы жок, экспорттогон тарап боюнча маалыматтар жетишсиз жана фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен артка кайтарылды. Мунун баары көзүң кайсы десе мурдун көрсөткөн айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин иштин көзүн билбеген мажүрөө, байкуштугунун кесепетинен болууда. Дыйкандарга шарт түзүп бере албай сызга отургузган министрдин эмне кереги бар?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ