“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө арналган тегерек столдо Илим Карыпбеков кайрадан КТРКнын ген. директорлугуна талапкер катары ат салышпай турганын билдирген эле. Сыягы, интрига менен жогору жактын көрсөтмөлөрүнөн чарчады окшойт.
Элге жек көрүндү болбой эс алайын, тынчыраак ишке барайын деп жаткан өңдөнөт. Ырасында, Илим мырза директор болуп дайындалган эки жылдан ашуун мезгилден бери Коомдук канал болуп аты өзгөргөн менен заты ошол бойдон калганы боюнча сындар арбын айтылды. Албетте, техникалык мүмкүнчүлүктөр жакшырганын калыстык үчүн айтып коюу парз. Бирок мазмун жагынан алганда КТРКнын мурдагы саясаты өзгөрүп, кескин бурулуш жасалган жок. Арийне мунун өзүнүн себеби бар. Каналдын аты өзгөргөн менен каржыны мамлекет бөлүп жаткандан соң, мамлекеттин саясатын чагылдырууга милдеттүү. Башкача болушу мүмкүн эмес.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ