Menu

“Улуу Кыргызстан” партиясынын лидери Максат Касенов камакка алынды

Бөлүшүү:

“Улуу Кыргызстан” деген партияны элибиз өтө билбесе да, аздыр-көптүр билип калды. Бул партияларга киргендер жана ага төрага болуп жүргөндөр өздөрүн бир топ эле ыймандуу катары көрсөтүшүп, динге ыктап келишкени маалым. Эми ошол партиянын башында туруп келген Максат Касенов Эрнис деген бала экөөлөп Караколдо бир жигитти катуу сабап, анысы ачыкка чыгып, кылмыш иши козголуп, Каракол шаардык ИИББ-сине камакка алынганы маалым болду. Сабалган бала оор абалда ооруканада жатканы айтылууда. Ыйманга басым жасаган балдар анчалык катуу кетпей сабыр кылса болмок экен. Бул маселе боюнча Ысык-Көл облусттук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бүгүн “Азаттык” радиосуна айтымында, кечээ 7-июнь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн. Шаар тургуну кайрылып, күйөөсү Акысбекти Максат жана Тулпар аттуу тааныштары жанындагы башка балдар менен бирге эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин айткан. Сабалган жаран алган жараатынан улам облусттук ооруканага жаткырылган деп айтып берди. Мурда белгилегендей, кылмышка шектелип кармалгандардын бири Максат Касенов шаардык кеңешке болгон соңку шайлоого катышып, бирок өтпөй калган “Улуу Кыргызстан” партиясынын жетекчиси. Ал өткөн чакырылыштагы шаардык кеңеште Кыргызстандын жаштар партиясынан депутат болчу. Айрым маалыматтар боюнча, бул партияга кадимки Эркин Мамбеталиевдин да тиешеси бар экени айтылып келет. Караколдогу окуяга байланыштуу, ал жерде облусттук олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары катышты деген маалымат тараган. Бирок милиция ал маалыматты жокко чыгарууда.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: