Ага шектүү катары Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу 11-ноябрда Ысык-Көл облустук ИИБиси билдирди.
Маалыматка ылайык, органга компьютердик клубдун 24 жаштагы администратору арыз менен кайрылган. Таңкы үчтөр чамасында 20-25 жаштардагы белгисиз бирөө кирип, бычак менен коркутуп, 3 миң сомду жана “Самсунг А6” телефонун алып кеткен. Ыкчам топтун издөө иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну кармалган. Ал өз күнөөсүн мойнуна алып олтурат. Каракол шаардык сотунун чечими менен ал жаран эки айга камакка алынды. Тергөө малдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ