Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен атайын комиссия түздү. Аны өзбек премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт. Комиссия Казакстан өкүлдөрү менен бирге автобуста чыккан өрттүн себептерин иликтеп, өлгөн жарандардын аты-жөндөрүн тактап чыгат.
Бул арада Өзбекстандын Коргоо министрлигинин атайын борту Казакстанга учуп барууга даярданууда. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана өзбекстандык дарыгерлер жеткирилет.
Казакстандын ИИМи дагы окуянын себептерин иликтеп, жабырлануучуларга жардам көрсөтүү үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөнүн жарыялады.
“Икарус” үлгүсүндөгү автобуста 57 киши болгон. Беш адам өрт башталганда автобустан качып чыгууга үлгүргөн. Куткарылгандардын үчөө Казакстандын жараны, экөө өзбекстандыктар.
Жергиликтүү бийлик куткарылгандардын атын атады:
– Ахрор Искаков, 1988-жылы туулган, Өзбекстандын жараны;
– Исраилджон Мирзахмедов, 1980-жылы туулган, Өзбекстандын жараны;
Калган үчөө – айдоочулар:
– Максат Пернебеков, 1985-жылы туулган, Түштүк-Казакстан облусунун жашоочусу;
– Барат Танатаров, 1978-жылы туулган, Түштүк-Казакстан облусунун жашоочусу;
– Нуржан Кыргызбаев, 1968-жылы туулган, Түштүк-Казакстан облусунун жашоочусу.
Окуя болгон жерде Казакстандын күч кызматтары, куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда.
Казакстандын инвестиция жана өнүгүү министрлиги 1989-жылы чыгарылган Kassbohrer Setra автобус Ордухан Мехтиевге тиешелүү экенин, акыркы жолу 2015-жылы августта техникалык көзөмөлдөн өткөнүн маалымдаган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, мерт болгондор Өзбекстандын жарандары, алар Орусияга иштегени бара жатышкан.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ